Ссылки доступа

Орусия Түркияны террорчуларды тымызын колдоп жатат деп айыптады


Орусиянын Сириядагы эки жаат болуп урушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчиси, генерал-лейтенант Сергей Кураленко Түркия террорчуларды тымызын колдоону улантып жатат деп сынга алды.

Анын айтуусунда, күн-түн бою Түркиядан Сирияга чек ара аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өтүүдө. Алар Орусияда тыюу салынган «Жибгат ан-Нусра», «Ахрар Аш-Шам» террордук уюмдар көзөмөлдөгөн аймактарга курал-жарак жана башка каражаттарды жеткирет деген божомол бар.

Ал арада Сирия оппозициясы президент Башар Асадга баш ийген күчтөр козголоңчулардын позициясына чабуул жасоону улантуу менен тынчтык келишиминин аткарылышына коркунуч жаратып жатканын жарыялады.

Франция да Орусия менен АКШнын Сириядагы ок атууларды токтотуу тууралуу макулдашуунун шарттары бузулуп, оппозициянын кошуундарына кол салган учурлар бар экенин маалымдады.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирияда тынчтык орнотуу тууралуу келишимди бузган учурлар дыкат иликтенип жатканын жана андан майнап чыкпады деп тыянак чыгарууга негиз жоктугун белгилеген.

XS
SM
MD
LG