Ссылки доступа

Кийинки жылы өлкөдөгү мектептердин 50% интернетке туташат


Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин астындагы жаңы маалыматты өнүктүрүү комитетинин жетекчиси Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 2200 мектептин 401и учурда интернетке кошулган. Ал эми 2016-2017-жылга дагы 606 мектеп интернетке туташтырылат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми калган 1200 мектеп 2020-жылга чейин толук интернетке кошулат:

- Алыскы тоолуу аймактарда, мисалы Алай, Чаткал, Нарындын алыскы айылдарына жада калса телефондук да байланыштар жок. Ал жерлерге телефондук станцияларды куруш керек, мунун баарысы этап-этап менен ишке ашат. Мектептер толугу менен интернетке кошулса окуунун жаңы ыкмалары киргизилет.

Бул долбоор “Акылдуу мектеп” программасы менен ашке ашат. Аталган программа 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепцияда каралган негизи программалардын бири.

XS
SM
MD
LG