Ссылки доступа

Иран: аялдарды айбанга теңеген депутатты мандаттан ажыратуу талабы коюлууда


Иранда өткөн жума күнкү шайлоонун жыйынтыктарынан кийин катаал көз карашты карманган саясатчылардын бири 57 жаштагы Надир Газипур аялзатын "эшекке" теңеп, аларга парламентте орун жок деген сөздөрү үчүн кескин сынга кабылды.

Ал добуш берүүлөрдө Иран парламентине кайра шайланган.

Өзүн аятолла Али Хаменеинин “кызматчысы жана жоокери” деп атап жүргөн Газипур аялдарды парламентке жолотпоо чакырыгын Батыш Азербайжан провинциясында кичи мекени Урмие шаарчасында тарапкерлери менен жолугушуу учурунда жасады:

- Парламент аялдар эмес, эркектердин орду. Биз ар бир түлкүнү,эшекти парламентке жибере берсек, өлкөнү оңой-олтоң көзөмөлдөй албайбыз. Парламент эшектердин орду эмес.

Газипурдун бул айткандары интернет аркылуу тарагандан бери коомчулуктун сынына кабылды, айрымдар аны депутаттык мандаттан ажыратууга да үндөп жатышат.

Мындай чакырыктар Иранда депутаттыкка талапкерлерди иргей турган Сакчылар кеңешинин дарегине багытталууда.

Кызмат мөөнөтү аяктаган парламентте кен жана өнөр жай комиссиясынын мүчөсү катары иштеген Газипур чуу жараткан сөзүнө байланыштуу аны жазып алып тараткандарды айыптады. Ал оюнан кайтпаганын кошумчалап, бирок кичи мекени Урмие шаарчасынын аялдарынан гана кечирим сурап, сөзүндө аларды эске алган жокмун деп ырастады. 26-февралда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына караганда, парламенттен 20дай аял орун алганы турат. Бул Иран үчүн рекорддук көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG