Түркмөн президенти өкмөттү дагы өзү жетектей турганы маалым.Бул жыйында кадрдык маселелер каралып, жумушундагы олутту кемчиликтери үчүн Гидрометеорология боюнча улуттук комитеттин башчысы Батыр Халлыев жана анын орун басары кызматтарынан кол жуушту.
“Мекеменин ишмердигин жакшыртуу үчүн жаңы имарат куруп, каржы бөлүп, керектүү жабдуулар менен камсыздадык.Батыр Халлыев аба ырайы тууралуу болжол туура чыгарылат депсөз берген. Бирок ага карабастан акыркы мезгилде туура эмесболжолдор көбөйүүдө”, - деди Бердымухамедов.
Анын айтымында,мындай абал айыл-чарба иштерине, маданий иш-чараларды жана транспорттармагындагы жумуштарды аткарууга тоскоол болуп, жарандарга ыңгайсыздык жаратып,каржы жана моралдык зыян алып келиши мүмкүн.
Батыр Халлыев аталганкомитетти 2010-жылдан бери жетектеп келген. Президенттин буйругу менен анын ордуна Бегенч Миминов дайындалды.