Ссылки доступа

Казакстанда мунай компаниясынын кызматкерлери акчаларын кыскартууга каршы


Тechno Trading LTD компаниясынын кызматкерлери кварталдык сыйлыктарын төлөбөгөндүгү үчүн биринчи жетекчини кызматтан алууну талап кылышууда.

200гө жакын кызматкер 4-мартта Мангистоо облусунун Мунайлуу районунда жайгашкан Жетыбай кенинде чогулушуп 2015-жылдын кварталдык сыйлыктарын жана ишкерлерге басым кылган Адиль Ниязовду жумуштан алуу зарылдыгын айтып чыгышты.

Компаниянын кесиптик бирикмесинин башчысынын орун басары Куан Сапарбаев белгилегендей, ишканада кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат.

Мындай каршылык акция биринчи жолу өткөн эмес. Былтыр кызматкерлер социалдык маселелерди көтөрүп, анын жыйынтыгында 6 кызматкер жумуштан алынган.

Techno Trading LTD ишканасы «Мангистоомунайгаз» компаниясына таандык Жетыбай жана Каламкас кендеринде жабдууларды оңдоо иштери менен алектенет. Компаниянын 6 цехинде 700гө чукул адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG