Алардын айрымдары кыска убакытка жолугушууга уруксаттан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында өтүп жаткан сот отурумдарына катышууга да мүмкүндүк алышты.
Жогорку соттун өкүлү Сафарали Норовдун айтымында, бул кылмыш иши “жашыруун” деп саналгандыктан, жараян жабык өтүүдө. Камалгандардын туугандары жыйында күбө катары гана катышат.
Партиянын алдыңкы 13 өкүлү былтыр сентябрда коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун козголоңуна катышы бар деген айып менен камакка алынган. Алар коюлган күнөөнү четке кагып, муну партиянын ишмердигине тыюу салуу аракети менен байланыштырып келишет.
Эл аралык уюмдар аталган партиянын 200гө жакын мүчөсү камалганын, бир катары кыйноолор менен зомбулукка кабылганын айтып чыгышкан. Тажикстандын Жогорку соту былтыр 29-сентябрда бул партияны террордук уюмдардын катарына кошуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу.