Ссылки доступа

Назарбаев McDonald's аркылуу инвесторлорду чакырат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 5-мартта Астанадагы McDonald's тез татым ресторанына баш багышы өлкөдө талкуу жаратты.

Казак бийлиги McDonald's тез татым ресторандар түйүнү келечекте өлкөдө 20 миң кишиге жумушчу ордун түзөт деп билдирет.

Социалдык тармактардагылар муну фастфуд жегиле деген ишара катары кабылдашты.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Даурен Абаев мындай пикирлерди четке кагып, Назарбаевдин визити чет элдик инвесторлорду казак экономикасына акча салууга чакырык деп атады. Казак жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин McDonald'sтын жергиликтүү бөлүмүн президенттин тууганы Кайрат Боронбаев жетектерин жазып чыгышкан. Кайрат Боронбаев мурда газ тармагында иштеп, кызы Нурсултан Назарбаевдин небересине турмушка чыккандыгы жөнүндө да маалыматтар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG