Ссылки доступа

Лесневская Путинден Савченкону бошотууну талап кылды


РЕН-ТВ телеканалынын негиздөөчүсү Ирена Лесневская Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, украин аскер кызматкери Надежда Савченкону бошотууга чакырды.

Учкуч Луганскта эки журналистти өлтүргөн деп соттолууда.

Лесневскаянын “Фейсбукта” жарыяланган ачык катында төмөндөгүдөй жазылган: “Бүтүндөй дүйнө дүрбүсүнө илинип, орус түрмөсүндө кургак ачкачылык жарыялап, кайраттуу айым Надежда Савченко өлүм алдында жатат! Адамкерчиликтүү болуп, мырзалык кылып, башаламандыкты токтотуп, Надежданы орус аскер туткундарына алмаштырып же мунапыс менен эркиндикке чыгарышыңызды өтүнөм! Али ар-намыстан ажырай элек орусиялык эркектерди, офицерлерди кемсинтпеңиз!”

“Азаттыктын” орус кызматына берген маегинде Лесневская Савченкого карата көрсөтүлгөн ыдык үчүн уялып, ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун билдирди.

Жекшембиде Киев жана Украинанын бир топ шаарында Надежда Савченкону бошотууну талап кылган акциялар өттү.

Учкучту коргоого арналган пикет Петербургда да уюштурулду.

XS
SM
MD
LG