Ссылки доступа

Жарандыгы жок кайрылмандар Астанадан жардам күтөт


Мангистоо облусунда 150дөн ашык адам Казакстан жарандыгын ала албай жүрөт.

Мындай маалыматты жергиликтүү бийлик “Азаттыктын” казак кызматы Ирандан келген кайрылмандар жөнүндө макала жарыялагандан кийин билдирди.

Иран жана Өзбекстандан Мангистоого келген кайрылмандардын айтымында, жеңилдетилген шартта казак жарандыгын алуу үчүн Астананын уруксаатын күтүшүүдө. Облустун миграция полициясы маселе 20-мартта өтө турган парламенттик шайлоого чейин чечилет деп үмүттөнүп турат. Астанадан жооп качан келери белгисиз.

Мангистоо облусунун акиминин маалымат катчысы Гүлмира Балгожаева акимчиликтин Facebook баракчасына 2010-жылдан бери башка өлкөлөрдөн 23 минден ашуун этникалык казак келгенин жазды. Бирок алар Казакстан жарандыгын жеңилдетилген шартта алуу үчүн убагындан арыз менен кайрылышкан эмес.

Иран, Сауд Арабия, Түркмөнстан, Өзбекстандан келген казактар Актау облусундагы кайрылмандардын атайын борборунда жашап жатышат. Ал 2010-жылы ачылган, 200 үй-бүлөгө ылайыктуу.

XS
SM
MD
LG