Ссылки доступа

БУУ качкындар боюнча Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы келишимди сындады


Жакынкы Чыгыш жана Африкадан Европага барган качкындарды Түркияга кайтаруу боюнча алдын ала макулдашуулар кооптондурууда жана кескин сынга кабылды.

БУУнун качкындар боюнча агенттиги бозгундарды жамааты менен башка өлкөгө жиберүүгө эл аралык укук тыюу саларын баса белгиледи. Жогорку комиссар Венсан Коштель легалдуу эмес мигрантар жөнүндө сүйлөшүүдөн чарчаганын билдирди. Ал Грецияга келгендердин 91 пайызы Ирак, Сирия, Ооганстан сыяктуу куралдуу жаңжалдарга чулганган өлкөлөрдүн жарандары экендигин кошумчалады.

Брюссель менен Анкаранын ортосундагы алдын ала макулдашууларды Amnesty International уюму да сынга алды Анын пикиринде, тараптар бозгундардын укуктарын, ар-намысы эске алынган эмес.

Евробиримдик жана Түркия 7-мартта өткөн Брюсселдеги саммите Европада рекорддук көрсөткүчкө жеткен мигранттардын санын азайтууга багытталган алдын ала макулдашууга жетишкен.

Анкара эгер качкындарга баш паанек бер турган болсо, Европа акчалай колдоону көбөйтүүгө жана июндун соңуна чейин визасыз режимди киргизүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG