14 секундга созулган тасмада эки узун бойлуу тартип сакчысы аялды унааны көздөй сүйрөгөнү көрүнөт. Андан соң алардын бири Nexia үлгүсүндөгү, ак түстөгү темир тулпардын багажын ачат. Милиция кызматкерлерине аял каршылык көрсөтүп, кыйкырып жерге жыгылат. Багажга тыгуу аракетинен майнап чыкпайт.
Видеонун авторунун айтымында, окуяга 2-мартта Виза жана каттоо бөлүмүнө келе жатып күбө болгон. Дароо жаңжал салган соң элдер чогулганын, мындан улам тарип сакчылары аны багажга сала албай калгандыгын билдирет. “Кийин аялдын кайырчы экендигин билдим, алгач милиция кызматкерлери анын баласын тартып алган, ошондо ал кыйкырып, ызы-чуу чыгарыптыр”,- дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын Самарканддагы мобилдик репортеру.