Ссылки доступа

Путин кыргызстандык Марат Исаевдин эрдигин баалады


Орусия президенти Владимир Путин метронун платформасына жыгылып кеткен аялды сактап калган кыргызстандык Марат Исаевге сыйлык ыйгарат.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады. Азырынча Марат Исаев кандай сыйлыктын ээси болоору жана ал качан берилери тууралуу маалымат жок.

Эскерте кетсек, окуя Москванын «Красносельская» метросунун станциясында 11-февралда болгон. Полиция кызматкери жана 2 жүргүнчү, алардын арасында Марат Исаев рельстерге түшүп кеткен аялды куткарып калышкан. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Исаевди эрдик үчүн энчилүү саат менен сыйлаган. Андан кийин Королюк менен Исаевди Москва мэри дагы сыйлаган.

XS
SM
MD
LG