Ссылки доступа

Казакстанда аз байытылган уран банкы 2017-жылы ишке кирет.


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик Казакстанда аз байытылган уран банкынын курулушу 2017-жылдын сентябрында бүтө турганын жарыялады.

МАГАТЭнин Башкы директору Юкия Амано Казакстанда атомдук энергияны колдонуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алганганын жарыялады. Укуктук-нормативдик база жаңылануу баскычында.

“Жаңы имараттын дизайны даярдалып бүтүп калды, ал жерде аз байытылган урандын банкы жайгашат”,- деди Амано Башкаруучулар кеңешинин жыйынында.

Банк түзүү боюнча МАГАТЭ менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өткөн жылдын август айында кол коюлган. Долбоорду ишке ашыруу уланууда.

Банк Усть-Каменогорск шаарындагы Ульбинск металлургия заводунда жайгашат. Ал жерде атом энергетикасы үчүн керектелүүчү аз байытылган уран сакталат.

XS
SM
MD
LG