Ссылки доступа

Савченко сотто акыркы сөзүн сүйлөйт


Украин аскер кызматкери Надежда Савченко Донецктеги сотто акыркы сөзүн айтат.

Эки журналисти өлтүрүүгө катышы бар жана чек араны мыйзамсыз басып өткөн деп айыпталып жаткан учкучтун иши каралууда.

Москвадан Донецке учуп келген жактоочу Николай Полозов твиттердеги баракчасына Надаежданын жүрөк оорусу кармап жатканын жазды. Буга чейин адвокаттар Савченко кургак ачкачылык кармап жаткандыгына байланышуу сотко катыша албай калышы мумкун деген кооптонууларын билдирген.

Надежда Савченконун акыркы сөзү 3-мартта эле интернетке жарыяланган. Сот ага акыркы акыркы кебин айтууга мүмкүнчүлүк бербей, жыйынды 9-мартка жылдырган соң, учкуч кургак ачкачылык жарыялаган. Эки жыл ичинде ал бир нече жолу ушундай кадамдарга барды. Савченко күнөөсүн моюнга албайт жана Украинага кайтарууну талап кылып келет. 7-марттан тарта Украина жана Орусиянын шаарларында аны бошотууга үндөгөн акциялар өтүүдө.

XS
SM
MD
LG