Ссылки доступа

Швед бийликтери өзбек тектүү орус жаранын издөөдө


Швециянын ММКлары маалымдагандай, бийлик өзбек тектүү орус жаранын издөөдө.

Svt.se телекомпаниясы белгилегендей, Умид Аминов саясий качкын катары Швецияда баш паанек алган өзбек имамы Обидхон кори Назаровду өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Гезиттердин бирине берген маегинде иликтөөнү жүргүзгөн прокурор Кристер Петерсон шектүү адам Орусияда экени тууралуу маалымат бар экенин кабарлаган. Анын айтымында, Аминов Швецияга экстрадицияланыш керек. Прокурордун пикири боюнча сот иши узакка созулуп, оңой болбойт. Буга чейин Аминов Абдулла Бухари аты менен таанымал дагы бир диний үгүттөөчү Мирзаголиб Хамидовдун өлүмүнө тиешеси бар экендиги маалымдалган.

Yeni Shafak белгилүү түрк басылмасы “көзгө атаарга 200 миң доллар” аттуу макаласында жазгандай, "Тигран Капланов» каймана аты менен таанымал Умид Аминов бир нече диний көз карашты тутунган өзбектерге жана оппозициянын лидерлерине кол салууларды уюштурган.

Швед ММКлары белгилегендей, сотто кол салуунун аткаруучусу Юрий Жуковскийдин банктык эсебине Тигран Капланов акча которгондугу тууралуу маалымат иликтенүүдө. 1-мартта Сундсваль шаарынын соту Юрий Жуковскийди өзбек имам Обидхон кори Назаровду өлтүрүүгө аракет кылган деп өмүр бою эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG