Ссылки доступа

 ИМ террористик топтун “Коргоо министри” өлгөн болушу мүмкүн


“Ислам Мамлекети” террористик уюмунун негизги кол башчыларынын бири Умар-аш-Шушани Сириянын түндук-чыгышындагы америкалыктар тарабынан уюштурулган аба чабуулунда бутага алынды.

Бул туурасында маалымат агенттиктерине Пентагондун өкүлдөрү билдирди.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, ИМнин “Коргоо министри” атыккан Шушани менен бирге дагы 12 согушкер өлтүрүлдү. Пентагондун басма сөз катчысы аш-Шушанини Ирак жана Сириянын согуш талааларында тажрыйба топтогон жоокесеп катары сыпаттады. Анын божомолунда кол башчы акыркы учурда Сириянын түндүгүндөгү аскердик операцияларды жетектеген. Анын ысымы эң кооптуу согушкерлердин тизмесинде бар. Талаа командирин жок кылуучулар үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыяланган.

30-жаштагы Аш-Шушани “Умар Чечен” деген каймана ат менен дагы белгилүү. Анын чыныгы ысымы-Тархан Батирашвили. Анын өлгөндүгү жөнүндө кабарлар буга чейин да жарыяланып турчу.

Эгер анын курман болгону аныкталса, бул “Ислам Мамлекетинин” кубатын азайтып, кавказ өрөөнүнөн согушкерлерди тартуу кыскарат.

XS
SM
MD
LG