Ссылки доступа

Ингушетияда «Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитеттин” кеңсесине кол салуу болду


Карабулакта (Ингушетия) белгисиз адамдар тарабынан «Кыйноолорду алдын алуу боюнча комитеттин” мобилдуу тобунун кеңсесине кол салуу болду.

Твиттерде комитеттин кызматкери Дмитрий Уткин жазып чыккандай, видеокамералар кеңсеге беткапчан куралдуу адамдар кирип келгенин көрсөттү. Маалым болгондой, алар 5 автоунаа менен келишип, сыртта жана ичинде орнотулган камераларды бузушкан.

Буга чейин Ингушетияда Чечен республикасы менен административдик чек аранын жанында 20га жакын адам комитеттин мобилдик тобунун кичиавтобусуна кол салышкан. Анда 4 адам жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.

Уткиндин маалыматына ылайык, топтун курамында норвегиялык журналист Оештейн Виндстад, швециялык журналист Лена Мария Перссон Лоефген, The New Times гезитинин корреспонденти Александрина Елагина, «Медиазона»нын корреспонденти Егор Сковорода, Төмөнкү Новгороддон келген журналисттер Антон Прусаков менен Михаил Солунин, эки укук коргоочу Иван Жильцов, Екатерина Ванслова жана айдоочу Башир Плиев бар болчу.

Комитеттин башка мүчөсү Олег Хабибрахманов «Йод» сайтына маалымдагандай, баарынан көп чет өлкөлүк журналисттер жапаа чегишти. “Кавказда иштеш болбой калды. Биз унчукпай калбайбыз жана элчиликтер менен Орусия президентинин астындагы адам укуктары боюнча кеңешке кайрылабыз”, – дейт ал.

XS
SM
MD
LG