Ссылки доступа

Кремль: Путинге каршы санкция киргизүү чакырыгы туура эмес


Савченконун иши үчүн Владимир Путинге Европарламенттин санкция киргизүү чакырыгы туура эмес.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков соттук жараян орус мыйзамдарына шайкеш жүргүзүлүп жаткандыгын жана ага кийлигишүүгө жол берүү мүмкүн эместигин билдирди.

Буга байланыштуу Песков Савченконун иши боюнча түшүндүрмө бербей тургандыгын кошумчалады. Ал орус туткундарына украин учкучун алмаштыруу боюнча кайрылуулардын түшкөн-түшпөгөнүн дагы билбей турганын айтты.

Буга чейин Орусия Тышкы иштер министринин өкүлү Мария Захарова соттун өкүмү чыкмайын алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрбөй турганын ырастаган.

Ростов облусунун Донецк шаардык соту шейшембиде өкүм 21-мартта угулуп баштарын жарыялаган.

Буга жооп ирээтинде Савченко ачкачылык жарыялоону улантарын билдирген. Ал сотто акыркы сөзүн украин тилинде айтып, баардык айыптарды четке каккан эле.

Айыптоочу аны 23 жылга эркинен ажыратууну талап кылса, жактоочу толук актоону суроодо.

Савченко эки журналистин өлүмүнө тиешеси бар деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG