Ссылки доступа

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен таймашат


Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматында маалымдалгандай, 19-марттан тарта “Дүйнөлүк чемпионат-2018” тандоо раундунун алкагында жыйынтыктоочу матчка даярдык көрүлөт. Азыртадан курама командага кире турган талапкерлердин кеңейтилген тизмеси даярдалды.

Федерацияда маалымдагандай, тизмеде 34 адам бар, алардын арасынан 23 гана окутууга, машыгууга чогулууга чакырылат.

Голкиперге талапкерлердин арасында Матяш Павел («УиТМ», Малайзия), Амиров Руслан («Алга»), Акималиев Калыс («Абдыш-Ата»), Кашуба Валерий жана Зинченко Максим («Дордой») бар.

Коргоочулардын тизмесинде-Байматов Азамат («Ситра», Бахрейн), Козубаев Тамирлан («Ягодина», Сербия), Кичин Валерий («Тюмень», Орусия), Майер Виктор («Меппен», Германия), Умаров Акрам («Крумкачы», Беларусь), Самсалиев Талант, Шератов Курсан, Шакиров Шерзот и Тэго Дэниел («Дордой»), Алимов Ильяз менен Рустамов Турсунали («Алай»).

Жарым коргоочулар арасында Дуйшобеков Бахтияр («Крумкачы», Беларусь), Мусабеков Фархат («Академия», Молдова), Бернхардт Эдгар («Аль-Оруба», Оман), Исраилов Ахлидин («Динамо-2», Украина), Землянухин Антон («Сисакет», Тайланд), Сыдыков Азиз, Шамшиев Ислам, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан и Откеев Авазбек («Дордой»), Сидоренко Павел и Амиров Ильдар («Алга»), Мурзаев Мирлан («Афжет Афьонспор», Түркия) бар.

Чабуулчулар-Люкс Виталий («Унтерхахинг», Германия), Тэтте Дэвид жана Левченко Роман («Дордой»), Боколеев Абай («Миласспор», Түркия), Филатов Иван («Сохар», Оман).

Тажикстанга кете турган футболчулардын акыркы тизмеси машыгуулар бүткөн соң бекитилет.

XS
SM
MD
LG