Ссылки доступа

Евробиримдик орусиялык жарандарга жана мекемелерге карата санкцияларды узартты


Крым жарым аралынын Орусияга кошулушунан пайда тааап, Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирген 37 мекеменин камактагы активдери жана 146 жарандын виза алууга тыюу салынган мөөнөтү узартылды.

Бул тизмеге Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин, президенттин кеңешчиси Сергей Глазьев жана бийликчил теле алып баруучу Дмитрий Киселев киргизилген.

Мындан тышкары Крымдагы бир нече ишканалар, орус жикчилдери тарбынан Украинанын чыгышында түзүлгөн батальондор бар.

Каза тапкандыгына байланыштуу үч адам тизмеден чыгарылган. Алардын катарында генерал-полковник Игорь Сергун бар. Ал Орусиянын Башкы штабынын алдындагы чалгындоо мекемесинин директору болчу. Игорь Сергун ушул жылдын башында кокустан көз жумган.

Чечим ушул жуманын аягында күчүнө кире турган болду. Буга чейин АКШ дагы ушундай эле кадамга барган. Негизги экономикалык санкциялар Оруссиянын энергетика жана банк секторлоруна багытталган. Бүтүм июль айына чейин күчүндө.

XS
SM
MD
LG