35 жаштагы өзбек айым өткөн жылы визасы жок болгондугуна байланыштуу камалган. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Барно Жураева 9-декабрь, 2015-жылы Жадхеди шаарынын четинен колго түшкөн.
5-март күнү аял өзүн начар сезген соң, ооруканага жеткирилген. Кийинки күнү ал кыз төрөдү.
Барно алты айлык боюнда кезинде түрмөгө түшкөн.
Полициянын маалыматы боюнча ал Непалдан виза алып берем деген кишиге жолугуу үчүн Индияга жөө сапар алып, Бхопалда кармалып калган.
Азыр аял соттун бүтүмүн күтуп жатат.