Ссылки доступа

Казакстан атайын кызматтардын өнөктөштүгү жөнүндө протоколду жактырды


Казакстан парламенти ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык кызматташуу туурасындагы протоколду ратификациялады.

Документ бугүн мажилистин пленардык жыйынында кабыл алынды. Парламенттин эл аралык комитетинин бүтүмүнө ылайык, протокол маалымат коопсуздугундагы системанын ыраатуулугун камсыз кылууга, уюмга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өнөктөштүгүнө укуктук негизде шарт тузүүгө багытталган.

Протоколдун мазмунуну боюнча тараптар маалымат айдыңын коргоо боюнча кызматташуусу шарт. Маалымат технологияларын колдонуу менен конституциялык түзүмдү бузууга, мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирүүгө аракеттер болсо, ага каршы чогуу күрөшүүгө жол берилген.

Жамаатык коопсуздук келишим уюмуна Орусия, Казакстан, Беларусия, Тажикстан, Армения кирет.

XS
SM
MD
LG