Ссылки доступа

Савченко кургак ачкачылыкты токтотту


Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченко президент Петро Порошенконун суранычы менен ачкачылыкты токтотту.

Бул тууралуу анын адвокаты Николай Полозов Твиттерге жазды.

Савченконун соту 9-мартта аяктады. Орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткан учкуч айымдын өкүмү 21-22-март күндөрү угузулмакчы. Прокурор аскерий учкучту 23 жылга кесүүнү сураган.

2014-жылдын жайында Украинанын чыгышында кармалган Савченко болсо күнөөсүз экенин, орусиячыл жикчилдер аны уурдап, Орусияга мыйзамсыз алып өтүшкөнүн кайталап келатат.

Киев аны саясий туткун деп сыпаттайт. Савченкону бошотуу талабы менен АКШ жана европалык жетекчилер да орус бийлигине кайрылган.

XS
SM
MD
LG