Ссылки доступа

Европарламент казак журналистерин куугунтуктоону токтотууга үндөйт


Европарламент Казакстандагы сөз эркиндиги боюнча резолюция чыгарып, журналистерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Документте көз карандысыз жана сынчыл жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналистерди жана блогерлерди куугунтукка алуу менен аларга жалган кине коюп, узак мөөнөткө абактарга камоосу туура эмес экендиги айтылат.

Европарламент мыйзамдарды жаңылап, жалпыга маалымдоо каражаттары жана алардын өкүлдөрүнө колдонулуучу ашкере жазаларды алып таштоого үндөйт.

Өз көз карашын тайманбай билдирген журналистерге жана айрым жарандарга карата саясий куугунтуктоолорду токтотууну сурайт.

Сейтказы Матаев, Гүзял Байдалинова, Владимир Козлов жана башкаларга колдонулуп жаткан санкцияларды, сот жараяндарын жок кылууга чакырат.

Европарламент бул резолюцияны Кеңешке, Комиссияга, вице-президентке, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча өкүлүнө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт менен парламенттерине жана Казакстан бийлигине жиберет.

XS
SM
MD
LG