Ссылки доступа

Кыргызстан кайрадан Global Money Week демилгесине кошулат


Kyrgystan -- The money. The national currency of Kyrgyzstan, the U.S. and the EU, Bishkek, 24Oct2011
Kyrgystan -- The money. The national currency of Kyrgyzstan, the U.S. and the EU, Bishkek, 24Oct2011

Кыргызстанда экинчи ирет “Дүйнөлүк акча жумасы” аталышындагыкомпания өтөт. Анын максаты-акча топтоонун маданиятын өнүктүрүү жана каржы маселелерин өз алдынча чечүү боюнча билимдердижарандар менен бөлүшүү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул жолу акция 14 – 22 мартта өтөт. Демилгенин алкагында өлкөнүн бардык аймактарында семинар, тегерек стол, балдар, жаштар үчүн сынактар өткөрүлүп, каржы мекемелерге экскурсиялар уюштурулат.

Улуттук банк глобалдуу кампаниянын башталышына арналган басма сөз жыйынын өткөрөт. Анда адистер боло турган иш-чаралар, эл аралык тажрыйба жана калктын каржы сабаттуулугун кеңейтүү боюнча жумуш тууралуу айтып беришет.

Global Money Week жыл сайын Child and Youth Finance эл аралык коомчулуктун көзөмөлүндө 100дөн ашык өлкөдө өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG