Ссылки доступа

АКШ кыргызстандык тигүүчүлөргө жардам берет


Kazakhstan – The sewing factory, handmade. Almaty, Undated
Kazakhstan – The sewing factory, handmade. Almaty, Undated

Кийим-кечелерди экспорттоону көбөйтүү үчүнАмерика Кыргызстандын жеңил өнөр жайына жардам берет. Бул туурасында АКШнын Кыргызстандагы басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, USAIDдин “бизнести өнүктүрүү” долбоору Европа жана КМШ мамлекеттеринин дүкөндөрүнө жол ачуу үчүн 2014-жылдан бери кыргызстандык кийим тигүүчүлөргө жардам берилип келет.

USAID 2015-жылдын февраль айынан бери чекене соода кылган чет элдик компанияларга жергиликтүү тигүү өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган кечелерди уюштурууда.

Чет өлкөлүк соодагерлер үчүн Кыргызстандагы тигүү тармагынын масштабынын чондугу, атаандаштык чөйрө, товар өндүрүүдөгү кылдаттык, чыгымдардын аздыгы жагымдуу таасир калтырган.

XS
SM
MD
LG