Ссылки доступа

Кыргызстанда байыркы жаныбардын сөөгү табылды


Эзелки доордогу жаныбардын сөөгүн 10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн жашоочулары Жыргалаң суусунун боюндагы жардан таап алышкан.

Казуу иштери жүргүзүлүп, жаныбардын баш, ооз бөлүктөрү жана тиштери аныкталган. Калдык мамонттуку болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Кеңири иликтөө үчүн Улуттук илимдер академиясынан окумуштуулар чакырылды. Ак-Суу районунда белгисиз жаныбардын сөөгү табылган жерди милиция кайтара баштады.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, дубан жетекчиси Аскат Акибаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

“Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы бул табылга Ысык-Көлдүн климаты жана биологиясы тууралуу жаңы маалыматтардын чыгышына өбөлгө болот. Тарыхчы, археолог жана палеонтологдордун кызыгуусун арттырат”, - деди өкмөт өкүлү.

XS
SM
MD
LG