Ссылки доступа

Астанадагы McDonald's батыш басылмаларын таңдантты


McDonald's ресторанындагы узун кезек батыш басылмаларынын эрмегине айланды. Бул арада Алматаны дүйнө жүзүндөгү эң арзан шаарлардын катарына кошушту.

“McDonald'sтын түйүнү Борбор Азиядагы кичинекей өлкөдө ачылды. Бул эл- кымызы жана жылкынын эти менен таанымал. Мындан тышкары ал жерде актер Саша Барон Коэндин персонажы “Борат” туулган”, -деп жазат америкалык New York Post гезити.

Казакстанда McDonald's ачылганда, эл картошка фринин, бургердин жана татымалдардын татуу даамын сезиш үчүн узун кезекке турганы англиялык Daily Telegraph гезитинде маалымдалат.

Англиялык Mirror басылмасы болсо, жүздөгөн кардар улуттук даам таттуу үчүн келгенин, бирок ал жерде мурда убада кылынгандай жылкынын эти жок болуп чыккандыгын жазды. McDonald'sтын Казакстандагы кожоюну Кайрат Боронбаев кийинчерээк казак басылмаларына маек куруп, анын сөзү туура эмес талданганын, аш тизмеде эч качан казы-карта болбой турганын билдирген.

Казакстан жакынкы беш жылда McDonald's түйүнүнүн дагы 15 ресторанын ачуууга ниеттенүүдө.

Англиялык Daily Mail гезити жазгандай, Economist Intelligence Unit институтунун баасына ылайык, Алмата жашоо денгээли боюнча дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын катарына кошулду. Анын менен бир катарда Замбиянын борбору Лусак, Индиядагы Бангалор жана Бомбей, Алжир калаалары турат. Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын тизмесинде Сингапур, Цюрих, Гонконг, Женева жана Париж бар.

XS
SM
MD
LG