Ссылки доступа

Батыш өнөктөштөр Сирия боюнча кеңешме өткөрдү


Сириядагы президенттик шайлоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү каалабаган президент Башар Асад режиминин өкүлдөрүнүн билдирүүсүн АКШ менен Франция чагым катары баалады.

Жекшембиде Парижде өткөн жолугушууда Франциянын Тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айланпасында жазалган баяндаманы чагымчыл билдирүү катары баалап, Сирия боюнча буга чейинки макулдашууларга карама-каршы келет деп аташты. Ошондой эле Асаддын тарапташтары болгон Орусия жана Иранга кайрылып, Дамасктагы ок атууларды токтотууга үндөдөөгө чакырды.

Жолугушууга Улуу Британия, Германия, Италия жана Евробиримдикке мүчө башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышты.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарлагандай, Сирияны кысымга алган ислам экстремистери Ливия, Йемен, Ооганстанга жигердүүлүк менен жерлешип жатат. Ал Москва менен Вашингтон маалымат гана алмашпастан, терроризм менен күрөшүүдөгү аракеттерин чындап жандандырышы керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG