Ссылки доступа

Федералдык коопсуздук кызматы: Кадыровдун Инстаграммда жарыялаган тасмасы кооптуу эмес


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун Инстаграммга жарыялаган видеосунан Михаил Касьяновду өлтүрүүгө коркунуч жаралганын тапкан жок.

Оппозициялык ПАРНАС партиясынын төрагасы Михаил Касьянов Фейсбуктаны баракачасына “бул видео мыйзамга каршы аракеттерди камтыбайт” деген Федералдык коопсуздук кызматынын отчетунан үзүндү келтирген. “”...президент В. Путин саясий күрөштөгү бул ыкманы кубаттай турганын атайын кызматтын жообу тастыктагандай болду” деген Касьянов.

Буга чейин Касьянов жана анын орун басары Владимр Кара-Мурза Чечен жетекчисине каршы кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Орус оппозиционерлеринин Чеченстандын башчысына каршы арыз жазуусуна Кадыров Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган видео себеп болду. Тасма “”Касьянов Страсбургга орус оппозициясы үчүн акча алууга келди” деп аталган.

Анда Михаил Касьянов менен Владимир Кара-Мурза мылтыктын оптикалык кароолунун сызыктары кесилишкен жерде тартылган.

Оппозиционерлер ал видеону “өлтүрүүгө тикелей” шыкак берүү деп баалашкан болчу.

Чечен башчысы январь айында орус оппозиционерлерин “эл душманы жана көркоолор” деп атаган.

XS
SM
MD
LG