Ссылки доступа

Казак балбандары таймашта бири-бирине кол көтөргөн жок


Kazakhstan-Aibek Nurseitov
Kazakhstan-Aibek Nurseitov

5-мартта Шанхай шаарынын жанында 2 казак балбанынын ортосунда болбой калган эрежесиз күрөш Казакстандын социалдык тармактарында катуу талкууга алынды.

Youtubeдагы видеотасмада жарыялангандай, эл аралык турнирдин финалында казакстандык Айбек Нурсеит жана Кытайдын атынан чыккан казак тектүү спортчу Габит Турганбек беттешмек. 5 мүнөттүн ичинде атаандаштар бири-бирине сезилерлик соккуларды урбай, таймашты кош көнүл өткөрүштү. Акырында рефери аларга кызыл карточканы көрсөтүп, таймашты жокко чыгарган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары экиге бөлүнгөн. Кээ бири- спортчулардын жүрүм-турумун сындаса, башкалары колдоодо.

Айбек Нурсеиттин маалыматына ылайык, ал Габит менен мурдатан эле тааныш, аны менен Алматада чогуу машыккан. “Таймаштын астында биз бири-бирибизди аяйбыз деп сүйлөшкөн эмеспиз. Бирок рингге чыкканда, Габиттин колу мага көтөрүлбөгөнүн сезип, мен да ага чабуул кыла алган жокмун. Менимче,эки казак кытай көрүүчүлөрдүн астында бири-бирин муштаганы туура эмес. Бизге канча акча берилсе дагы, биз биринчиден казак боордош экенибизди көрсөттүк. Андан кийин Габит менен банкетте жолугуп, кол алыштык”, - дейт ал.

Таймашта чемпиондук макам жана ири суммадагы акча эч кимге тийген жок. Мелдештин уюштуруучулары жакынкы арада кытай спортчусу боюнча тиешелүүчечим кабыл алат. Кийинки таймаш май айында Талды-Коргондо өткөрүлөт деп айтылууда. Бирок уюмдун президенти билдиргендей, анда Айбек Нурсеитке атаандаш катары казак согушкери коюлбайт.

Федералдык коопсуздук кызматы: Кадыровдун Инстаграммда жарыялаган тасмасы кооптуу эмес

XS
SM
MD
LG