Ссылки доступа

Белорусияда Лукашенконун мурдагы санаалашы кармалды


Белорус бийлиги өлкөдөгү белгилүү ишкер Юрий Чижди салык төлөөдөн баш тартууда деген шек менен кармады.

Ал убагында Александр Лукашенконун кеңешчиси болчу. Бирок соңку айларда бийликтен четтеп калганы жөнүндө маалыматтар таркаган.

Эгер Чиж күнөөсүн моюнга алса, 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Белорусиянын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Дмитрий Побряжин билдиргендей, Triple компаниясынын кожоюну убактылуу камоо жайында.

2012-жылы ишкер жана анын компаниялары Евробиримдиктин санкцияларынын тизмесине илинген. Ушул жылдын февраль айында санкция алынып ташталган. Евробиримдик бул кадамын Белорусиядагы укук коргоо тармагындагы абалдын жакшырганы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG