Ссылки доступа

Өзбекстанда жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан кийин Vimpelcom Ltd компаниясы атын өзгөртөт


Амстердамда орун алган Vimpelcom телекоммуникациялык оператор быйыл же кийинки жылдын башында атын өзгөртөт.

«Ведомости» орусиялык басылмасы маалымдагандай, компаниянын жаңы ысымы кандай болору белгисиз, бирок ысымы өзгөрөрү анык.

Өткөн айда VimpelCom Ltd. расмий түрдө бизнеске керектүү лицензияны алуу үчүн Ташкендеги таасирдүү адамга пара бергендигин мойнуна алган.

АКШнын юстиция департаменти кабарлагандай, VimpelCom Ltd. жана Өзбекстандагы ага караштуу Unitel компаниясы 2006-2012 жылдары өлкөнүн таасирдүү адамдарына 114 миллион долларга барабар пара бергендиги тууралуу маалыматты тастыктаган.

VimpelCom Ltd. Күнөөсүн моюнга алып, АКШ жана Нидерландиянын коррупцияга каршы органына 795 миллон доллар айып төлөөгө даяр экенин буга чейин компаниянын өкүлдөрү белгилеген.

Өткөн жылы Норвегиянын полициясы тарабынан Өзбекстанда VimpelCom Ltd компаниясынын мурдагы башчысы кармалган. Чуулгандуу окуядан кийин бул өлкөдө иш алып барган орусиялык МТС шведдик TeliaSonera операторлору дагы таасирлүү адамдарга пара берип келгени аныкталган.

АКШнын юстиция департаменти сотко кайрылып, өзбекстандык таасирлүү чиновниктин Швейцария, Белгия, Люксембург жана Ирландия банктарында сакталган 850 миллион долларын конфискациялоону сурады. Бул банктык эсептердин ээси- Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримова.

XS
SM
MD
LG