Ссылки доступа

Жалал-Абаддагы митинг соңуна чыкты


Оппозиция уюштурган Аксы районундагы митинг аягына чыкты.

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Барпы атындагы драм театрдын жанына 100гө чамалаш адам чогулган. Алардын бир бөлүгү акцияга капысынан кабылып, жөн гана көз салып турган. Чогулгандардын баары тарады жана коомдук тартипти бузгандар катталган жок.

Акцияга 500 киши келгенин жарыялаган уюштуруучулардын маалыматын милиция четке какты.

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов президентти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү талабын окуп берди. Ошондой эле кийинки митинг 24-мартта Ош шаарында өтөрүн кошумчалады.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү акцияга 2000дей атам катышаарын билдирген. Чогулгандар бийликте социалдык фондго төлөмдөрдү жеңилдетүү, электр энергиясына тарифтерди арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, чек ара маселелерин чечүү жана балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүү талабын коюшкан.

XS
SM
MD
LG