Ссылки доступа

Кыргызстанда милиция полицияга айланышы ыктымал


“Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзам өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн.

Бул туурасында Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Жаныбек Бакчиев аял депутаттардын форумунда билдирди.

Ал эгер ИИМ мыйзам долбоорун сунуштабаса, эл өкүлдөрү бул маселе менен өздөрү алектенерин эскертти. Полиция жөнүндө жаңы мыйзам иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы талкууланды. Бул маселе боюнча чогулгандар бир пикирге келген жок.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык коому мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдойт. Алардын пикиринде, бул жол менен укук коргоо органдарын реформалоого мүмкүн. Мыйзамды жаңылоону ириде депутаттар колго алышы керектиги белгиленүүдө.

“Ички иштер органдары жөнүндөгү” азыркы иштеп жаткан мыйзам 1994-жылы кабыл алынган. Ал эскирди жана өзгөрүүгө муктаж. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык коому өз сунуштарын берип, көмөк көрсөтүүгө даяр.

XS
SM
MD
LG