Ссылки доступа

Тажикстанга орусиялык десанттар келди


Орусиянын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, аба-десант аскерлери Тажикстанга Куралдуу күчтөрдүн биргелешкен штабдык машыгууларына катышуу үчүн келишти.

Аскердик машыгууга 150дөн ашуун десант тартылды. Коргоо министрлигинен кабарлагандай, аба-десантчылары Ил-76 аскердик авиация учактары менен жөнөтүлгөн.

Десантчылар климаты катаал жана тоолуу шартта аскердик окууларды өткөрүшөт. Тапшырмалар Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун бөлүктөрү менен бирге аткарылат.

XS
SM
MD
LG