Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү баштаган активистердин тобу Сирия жана Иракта согушуп жаткан экстремистик “Ислам Мамлекети” тобуна каршы иш-чараларды баштады. Аймактын инспекторлор аларга түрмөгө кесилгендердин туугандарын, жакын арада кармалып бошотулгандардын жана диний айыптар менен издөөдө жүргөндөрдүн жакындарын алып келишүүдө.
Ташкентте жана Анжиян, Наманган, Фергана, Ташкент облустарында иш-чаранын уюштуруучулары эл көп чогулган жерлерде алардын ата-энелерин куугунтукка алып, уяткарышууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракети жергиликтүү басылмаларда кеңири чагылдырылууда. Соттолгон, кармалган, издөөгө алынган жарандардын туугандарын маскаралаган берүүлөр телеканалдарда обого чыгып, гезит жана журналдарда макалалар басылууда.