Ссылки доступа

Казакстан орусиялык аскер күчтөрүнүн Сириядан чыгарылышын кубаттайт


Казак сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев орусиялык авиациянын Сириядан чыгарылышына оң баасын берди.

Ал Кремлдин мындай кадамы тынчтыкты орнотууга жакшы шарт түзөрүн Твиттердеги баракчасында жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы негизги күчтөрүн чыгарууга 15-мартта буйрук берди. Чечим Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөр башталганда кабыл алынган.

Путин куралдуу күчтөр милдеттерин так аткарганын билдирип, армияны чыгаруу менен жаңжалды чечилеринен үмүт артты.

Бул арада Тартус менен авиациялык Хмеймим аэродромунда жайгашкан орусиялык пункттар өз ишин мурдакы режимде уланта берет.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Сириянын президенти Башар Асад Путиндин чечимине макул болду.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 30-сентябрда баштаган.

XS
SM
MD
LG