Ссылки доступа

Кыргызстан негизги азык-түлүктөрдүн теңин гана камсыздай алат


Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстан өзүн нан азыктары, картошка, мөмө жемиштер жана сүт менен камсыздайт.

Калган азык-түлүктүн беш түрү – мөмө, жер-жемиш, шекер, өсүмдүк майы, эт, жумуртка импорттолот. Бул туурасында өкмөт башчы Темир Сариев коалиция жыйынында билдирди. 2015-жылы бул азык- түлүктөр боюнча импорттун көлөмү 412 миллион доллар же болбосо жалпы импорттун көлөмүнүн 10,1 пайызын түзгөн.

Өкмөттүн негизги тапшырмалары-кайра иштетүү өнөр жайын жандандыруу, тамчылатып сугаруу технологиясын өнүктүрүү, логистикалык борборлорду түзүү, күнөсканаларды жана мал соючу жайларды куруу, айыл чарба техникаларын лизингге берүү, үрөөн чарбаларын жакшыртуу.

Бул тапшырмаларды аткаруу максатында 10 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн быйыл 4 миллиард сом бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG