Ссылки доступа

АКШ: Орусияга карата санкциялар алынбайт


Russia -- Russian military jets flying from Syria are seen shortly before landing on the runway of an airbase in Buturlinovka in Voronezh region
Russia -- Russian military jets flying from Syria are seen shortly before landing on the runway of an airbase in Buturlinovka in Voronezh region

Орусиялык аскерлердин бир бөлүгүнүн Сириядан чыгарыла башташы. АКШ киргизген санкцияларга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия маселелери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд билдирди.

Анын айтуусунда, Сириядагы кризис менен Украинанын чыгышындагы чатак бири-бири менен байланышпайт. Андыктан Кремлдин Сириядан аскерлеринин негизги бөлүгү чыгарылатдеген күтүүсүз билдирүүсүнөн кийин санкциялар алынбайт.

“Биз Украинадагы кырдаалга жараша чечим кабыл алабыз. Санкциялар да ушул көйгөйдөн улам киргизилген”, - деди Виктория Нуланд.

Украина АКШнын мындай позициясын кубаттады. Бирок Киев орус бийлиги Сириядан чыгарылган аскерлерин Украинага киргизиши мүмкүн деп кооптонууда. Шейшембиде Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Орусия аскерлерин Сириядан чыгара баштаганын ырастады. Ошол эле маалда Пентагондун маалыматы боюнча, бир нече учактын гана чыгып кетиши - аскерлердин негизги бөлүгү артка кайтты дегенге жатпайт. Орус президенти Владимир Путин 15-мартта Сирияда турган аскерлердин негизги бөлүгү чыгарыла тургандыгын, Тартус деңиз базасы менен Хмеймим аба базасы мурдагы калыпта иштей берерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG