Ссылки доступа

Астанада шайлоо алдындагы партиялардын дебаты башталды


Kazakhstan - The election debate of political parties of Kazakhstan. Astana, 16March2016
Kazakhstan - The election debate of political parties of Kazakhstan. Astana, 16March2016

Астанадагы “Казмедиаборбордо” парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты башталды. “Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, иш-чара өтүп жаткан имаратка журналистерди киргизишкен жок. ММК өкүлдөрү башка бөлмөдө орнотулган маниторлор аркылуу окуяга көз салышууда.

Дебатка алты партиянын өкүлдөрү келди. Президенттик “Нур Отан” партиясын атынан анын орун басары Аскар Мырзахмедов, “Ак жол” партиясынан-төрага Азат Перуашев, “Ауыл” партиясынан анын лидери Али Бектаев, “Бирлик” партиясынан депутаттыкка талапкер Роза Куанышбаева, Коммунистик партиядан мурдагы депутат Владислав Косарев катышууда. Өзүн оппзиция катары сыпаттап жүргөн Коомдук социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Зауреш Батталова келди.

Дебат үч бөлүмдөн турат. Алгач катышуучулар дүйнөлүк экономикалык каатчылык боюнча өз пикирлерин билдириши керек. Андан кийинки айлампа суроо-жоопторго багытталган. Акыркы бөлүгүндө Казакстандын логистикалык дараметин өнүктүрүү боюнча көз караштарын билдиришет. Эгер берилген темадан алыстап кетишсе, микрофон өчүрүлө турганы эскертилди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы теледебаттар 16-мартта, кечинде “Хабар” мамлекеттик телеканалы аркылуу обого чыгарын билдирген.

Казакстан парламентинин мажлисин шайлоо жакынкы жекшенбиге белгиленди.

XS
SM
MD
LG