Миллиардер Дональд Трамп топтогон Флоридада 46 %добуш алыды. Натыйжада ал 27 пайыз топтогон негизгиатаандашы, сенатор Марко Рубиодо озуп кетти. Рубио Флоридадагы шайлоодо жеңилгенден кийин, президенттикке ат салышпай турганын жар салды.
Дональд Трамп ошондой эле Иллинойс, Тундук Каролинада жеңип, Миссуридеги шайлоодо аз айырма менен лидерликке жетишкен. Аталган аймакта добуштарды эсептөө уланууда. Ал эми Огайодогу алдын-ала өткөн шайлоодо штаттын губернатору Джон Кейсик ийгиликке жетишип, Республикачылар партиясынан ат салышууга мүмкүнчүлүк алды. Хиллари Клинтон Огайо, Флоридда жана Түндүк Каролинада жеңди. Ал эми Иллинойс штатында добуш топтоодо бир аз айырма менен атаандашы Берни Сандерстен артта калды.
Ала-ала өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Хиллари Клинтон-Демократиялык партиядан алдыңкы жеңүүчү аталды. Ал эми Дональд Трамп Республикачылдар партиясынан президенттикке талапкер болуш үчүн 1237 добуш топтой алабы деген суроо азырынча жоопсуз калууда.