Ссылки доступа

Брюсселде террорчулукка шектүү адам атып өлтүрүлдү


Belgium -- Police and special forces members patrol at the site of a shooting in Brussels, on March 15, 2016.
Belgium -- Police and special forces members patrol at the site of a shooting in Brussels, on March 15, 2016.

Белгиянын бийлигинин маалыматына ылайык, полиция кызматкерлери Париждеги терактын негизги уюштуруучусу деп шектелген Салах Абдесламды издөө учурунда аткылоого алган. Маалым болгондой, ноябрда коопсуздук күчтөрү эшикти ачкандан кийин эле бир же бир нече адам полицияга ок чыгарган.

Полиция имаратка 5 сааттан кийин кирип барып, Калашников автоматы менен куралданган шектүү адамды атып өлтүргөн. Прокуратура өкүлү билдиргендей, издөө иштери уланууда.

130 адамдын өлүмүнө алып келген 2015-жылдын ноябрындагы теракттын уюштуруучуларын издөө боюнча рейддин жүрүшүндө полициянын төрт кызматкери жараланды. Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары бомба жана автоматтык курал кодонулган теракт үчүн жооперчиликти өзүнө алышты.

Полиция кызматкерлери Париждеги теракттын негизги уюштуруучусу Салах Абдесламды издеп жатканда аткылоого алынган. Брюсселдеги Молинбик районунда жашаган Абдеслам жана анын жардамчысы Мохамед Абриниазыркыга чейин кармала элек. Буга чейин Белгияда 11 адам кармалып, аларга Париждеги кол салууга катышы бар деген айып тагылган. Дагы 8 адам соттун чечимин күтүүдө.

XS
SM
MD
LG