Ссылки доступа

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясынын ар бир киловатын 3,5 центтен сунуштоодо


Өткөн жылдын тогуз айында Кыргызстан Тажикстандан 150 миллион киловатт-саат электр энергиясын 2,5 центтен сатып алды.

Мамлекет бул жылы дагы импорттук электр энергияга муктаж. Азыртадан Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында парламенттин жыйынында Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга 650 миллион киловатт-саат импорттук электр энергия зарыл.

“Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тилекке каршы, бул жылы жогорку баа сунушташууда. Өткөн жылы 2,5 центтен сатып алсак, мында 3,5 центке көтөрүшүүдө. Бир пикирге келсек, ошол багыт менен иштешебиз”,-деди Айбек Калиев.

Энергохолдингдин жетекчиси Казакстан дагы бааны көтөрүп жатканын кошумчалады, бирок так наркын айткан жок.

XS
SM
MD
LG