Ссылки доступа

Түркмөн президенти Пакистанда газ кууру боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов бүгүн эки күндүк иш-сапар менен Пакистанга барды.

Тараптар Ооганстан жана Пакистан аркылуу Индияга газ куурун өткөрүү маселесин талкуулашууда.

Жыйырма жылдан ашуун убакыт мурда эле сөз боло баштаган газ куурдун курулушу аймактагы энергетикалык көйгөйдү жайгарууга багытталган. Куурдун узундугу 1800 чакырымды түзөт. Ага миллиарддаган доллар сарпталары айтылган. Курулуш иштери 2019-жылы аяктары күтүлүүдө.

Исламабадда Гурнбангулы Бердымухамедовду Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф тосуп алды. Президенттин бул сейрек сапары маанилүү деп айтылууда, анткени Орусия түркмөн көгүлтүр отун сатып алуудан баш тарткан.

Төрт өлкөнүн лидерлери былтыр декабрда Түркмөнстандын Мары шаарында газ куурунун курулушунун башталышына катышышкан. Наваз Шариф 2013-жылы Пакистандын премьер-министри болуп кайра дайындалгандан кийин бул долбоорду ишке ашырууга аракет кылууда. Пакистанда энергетикалык эгемендүүлүктү камсыздоо-анын шайлоодо берилген убадасы болчу.

XS
SM
MD
LG