Ссылки доступа

Обама Путинди Савченкону бошотууга үндөдү


АКШ президенти Барак Обама орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүндө камактагы украин аскер кызматкери Надежда Савченкону бошотууга үндөдү.

Бул туурасында “Интерфакс” агенттигине АКШнын Москвадагы элчилигигин маалымат катчысы Уилл Стивенс билдирген. Америкалык дипломаттын айтымында, Обама Путинге кайрылып, мыйзамсыз туткунга алынган адамдардын бошотулушун шарттаган Минск келишимине ылайык, Савченкону эркиндикке чыгарууга чакырган.

Телефондук сүйлөшүү 14-мартта болгон. Бул күнү Путин Сириядан орусиялык аскерлерди чыгарып баштоого буйрук берген.

21-22-мартта Ростов облусунун Донецк шаардык соту Надежда Савченкого карата өкүм чыгарат. Ал орусиялык эки журналистин өлүмүнө кириптер деп айыпталууда. Учкуч күнөөсүн четке кагып келет. Мамлекеттик айыптоочу Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну сураса, жактоочулар аны бошотууну талап кылган. Украина, Орусия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө Савченконун токтоосуз азаттыгын сураган акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG