“Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, тыюу Орусияга карата киргизилген санкциялар менен байланышкан эмес.
Түркиялык анар менен таттуу калемпирди Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болгон тыюу 17-марттан тарта киргизилет.
Россельхознадзор белгилегендей, Түркия ыраатуу түрдө өсүмдүк зыянкечи бар продукцияны өлкөгө алып келип турган.
Түркия менен Орусиянын мамилеси былтыртан бери курчуду. Ноябрь айында Түркия орусиялык Су-24 аскер учагын атып түшүргөн.
Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга карата санкцияларды киргизген. Алардын арасында кээ бир тамак-аштарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Санкциялык тизмеге апельсин, мандарин, жүзүм, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк, кулпунай, томат, бадыраң, пияз, түстүү капуста жана тоок менен күрптүн тоңдурулган бөлүктөрү кирген.