Ссылки доступа

Тажикстан Бириккен Араб Эмирлигинен инвестиция тартат


Тажикстандын президенти Бириккен Араб Эмиратына болгон расмий сапарында энергетика, транспорт, жолдорду, көпүрөлөрдү, тоннелдерди куруу жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Абу Даби шаарында Халифа бин Зайда Аль-Нахайян кайрымдуулук корунун гуманитардык иштер боюнча директору Мухаммад Хаджи Аль-Хури менен жолукту. Анда Тажикстан менен Эмирликтин мекемелеринин ортосундагы кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөр болду.

Тажикстандын башчысы Тоолуу Бадахшан облусундагы табыгый кырсыкта жардам көрсөткөн фонддун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Түрдүү кубаттуулуктагы гидроэлектрстанцияларын куруу, түстүү металлургия, жеңил жана азык-түлүк өнөр жайы, курулуш, айыл чарба, коммуникация, банк иши, туризмди өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды.

XS
SM
MD
LG