Ссылки доступа

Чехия Кыргызстанга ГЭС курууга ниеттенүүдө


Кыргызстанга ГЭС куруу боюнча Чехия менен жетишилген алдын-ала макулдашуулардын жыйынтыгын спикер Асылбек Жээнбеков жарыялады.

Бул туурасында келишимдерге кол коюлгандан кийин чех парламентинин төрагасы экөө биргеликте билдирүү жасаган маалда айтылды. Жээнбековдун ырасташынча,Чехиянын компаниялары эки чакан ГЭСти курууга көмөктөшөт. Долбоордун баасы 190 миллион долларды түзөт. Гамачек кечээ кыргыз-чез бизнес форумуна катышкан.

Өткөн жылдын декабрь айында Токтогул ГЭСиндеги кабелдердин эскилигинен генераторлор аварияга учураган. Буга байланыштуу электр энергиясын Казакстандан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Бул арада январь айында Кыргызстан менен Орусия Камбарата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишимдерди жокко чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG