Ссылки доступа

Немцовдун өлүмүнө шектүү дагы төрт адамдын тек-жайы аныкталды


Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралында өлтүрүлгөн. Окуядан эки күн өткөн соң кылмышты аткаруучулардын бири катары божомолдонгон Анзор Губашев Ингушетияга телефон чалган.

Борис Немцовду өлтүргөндөрдү табууга буюртманын аткаруучусу катары шектелип жаткан Анзор Губашевдинкыска телефондук чалуусу түрткү болду. Бул туурасында “Коммерсант” гезитине тергөө ишин жакындан билген булак кабарлаган.

Анын айтымында, тергөө тобу кылмыш болгон жерде иштеген баардык телефондордун номурларын алып, иликтөөгө киришкен. Окуя аба ырайы начар, түндүн бир оокумунда жүз бергендигине байланыштуу номерлер деле көп болгон эмес. Айрымдары Немцовдун өлүмүнө чейин активдүү иштеп, кийин өчүп калган. Телефондун ээлерин аныктоо мүмкүн болгон эмес, сим-карталар бөлөк адамдарга катталган. Бирок эки күндөн кийин шектүү телефондун биринен Ингушетияга кыска чалуу болгон. Тергөөчүлөр анын Анзор Губашевге тааандык экенин тастыкташкан. Полиция кылмышка шектүү дагы төрт адамдын тек-жайын аныктады.

Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралында өлтүрүлгөн. Шектүү катары беш адам кармалган. Иликтөө тобу кылмыштын уюштуруучусу жана буйртма берген адам Чеченстандын Ички иштер министрлигин“Север” батальонунун мурдагы кызматкери Руслан Мухудинов деп эсептейт. Немцовдун жакындары жана санаалаштары өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деген пикирди карманып келишет.

XS
SM
MD
LG